Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда

Вирустун жайылуусу токтой элек.

1460198
Коронавирус дүйнөнү бушайман кылууда

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза тапкандардын саны 630 миң 520 адамга жетип, айыгып кеткендердин саны 9 миллион 366 миң 635тен ашты, ал эми вирусту жуктуруп алгандардын саны 15 миллион 389 миң 365 болду.

145 миңге жакын адам каза болуп, 4 миллион 30 миңден ашуун адам ооруга чалдыккан АКШда Калифорния, коронавирустун 409 миңден ашык жаңы учуру менен Нью-Йоркту артта калтырып жуктургандар эң көп катталган штат болду. Борбор шаар Вашингтон менен Мэриленд штатына караштуу Балтимор шаарында болсо беткап тагуу милдеттүү болуп калды.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда акыркы 24 саатта 1 миң 284 адам каза болуп жалпы 82 миң 890го, жуктургандардын саны 67 миң 860ка көбөйүп 2 миллион 231 миң 871 адамга жетти.

Мексикада бир суткада 790 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 41 миң 190го жогорулады. Өлкөдө Ковид-19ду жуктургандардын саны 6 миң 19га көбөйүп 362 миң 274 болду.

Британияда вирустан ушул кезге чейин 45 миң 501 адам көз жумду. Өлкөдө 296 миң 377 адам илдетке чалдыкты.

Ушул убакка чейин Ковид-19дан 9808 адам каза тапкан Бельгияда Ковид-19 учурларынын саны 369га көбөйүп 64 миң 627 болду.

Францияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 7 адам каза болуп жалпы 30 миң 172ге жетти. Өлкөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 998ге көбөйүп, 209 миң 910 болду. Саламаттыкты сактоо министри Оливье Веран «France 2» телеканалындагы билдирүүсүндө, экономикалык жактан оор абалдагы 7 миллион адамга 40 миллион маска бекер таратылат деди.

Италияда бир суткада 9 адам коронавирустун жаңы түрүнөн улам каза болуп жалпы 35 миң 82ге жетти.  Жуктургандардын саны 12,322ге көбөйгөн өлкөдө акыркы бир күндө 282 жаңы учур катталды.



Тектеш кабарлар