Армениянын Түркия боюнча санааркоосу

Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян, France 24 каналына маек куруп берди.

1460107
Армениянын Түркия боюнча санааркоосу

Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнацаканян, Азербайжан-Армения кагылышуусуна Түркиянын ыктымалдуу кийлигишүүсүнөн санааркагандарын айтты.

Зохраб Мнацаканян, France 24 каналына маек куруп берди.

«Бул кагылышууга түздөн-түз, ыктымалдуу Түркия кийлигишүүсү туурасында санааркоолоруңуз барбы?» деген суроого Мнацаканян: «Ачык айтсак буга кайдыгер кала албайбыз.Албетте бул санааркоо темасы»,-деп жооп берди.

Зохраб Мнацаканян, Азербайжан менен тынчтык процессин колдош үчүн жакшы платформа түзүүгө аракет кылгандарын да айтты.

Армения армиясы 12-июлда чек аранын Товуз аймагында Азербайжандын отурукташкан жерлерине замбирек атуулары менен катар кол салган, Азербайжан армиясынын жооп кайтарганы боюнча жоготууга учурап артка чегинген.

Кагылышууда Азербайжан армиясынан бирөө ага лейтенанттан турган 4 аскер каза таап, 4 аскер жаракат алган.

Андан кийинки күндөрдө да уланган кагылышууларда Азербайжан армиясынан бирөөсү генерал-лейтенант Хешимов болуп 8 аскер шейит кеткен.



Тектеш кабарлар