Бириккен Арап Эмираттары Марска байкоочу спутник жиберди

Бириккен Арап Эмираттарынын Марс миссиясынын негизинде чыгарган спутник Японияда ийгиликтүү учурулду.

1458332
Бириккен Арап Эмираттары Марска байкоочу спутник жиберди

Бириккен Арап Эмираттарынын Марс миссиясынын негизинде чыгарган спутник Японияда ийгиликтүү учурулду.

«Hope» башкача айтканда «Үмүт»  деп аталган спутник Япониянын Танегашима космостук борборунан H-2A ракетасы менен Марска жиберилди.

Марска 200 күндүн ичинде барышы күтүлгөн 1, 3 тонналык байкоо спутниги аба ырайы жана климаттык өзгөрүүлөр тууралуу иликтөө жүргүзөт.

Спутник учурулгандан мурда кыскача сөз сүйлөгөн Бириккен Арап Эмираттарынын  билим берүү министри Хүсейин Ал Хаммади : «Бул Бириккен Арап Эмираттарынын  дүйнөгө белеги жана арап дүйнөсү менен Бириккен Арап Эмираттарынын чоң ийиликке жетишүү көлөмүнө ээ экенинин көрсөткүчү»,- деди.

Бириккен Арап Эмираттары өткөн жумада спутникти эки жолу учурууга аракет кылды бирок операция ыңгайсыз аба шарттарынан улам кечеңдетилген болчу.

«Үмүттүн» ийгиликтүү түрдө максатына жетиши менен Бириккен Арап Эмираттары Марска спутник жиберген биринчи арап өлкөсү болот.



Тектеш кабарлар