Иранда согуштан калган мина жарылды
Минанын жарылуусунан 3 адам каза болду.
1457210
Ирандын батышында минанын жарылуусунан 3 адам көз жумду.
Ирак чек арасындагы Илам провинциясында Иран-Ирак согушунан калган минанын жарылуусунан 3 адам каза болуп, бир киши жаракат алды.
Иран менен Ирактын ортосунда 1980-жылдын 22-сентябрында башталган согуш, эки тарап тең кабыл алган Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 598 номердүү токтому менен 1988-жылдын 20-августунда аяктаган болчу.
Согуш жылдарында чек араларга жайгаштырылган миналар дагы деле эки өлкөнүн көптөгөн адамдарынын өлүмүнө же жаракат алышына себеп болууда.