Дүйнөнүн айласын кетирген коронавирус

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

1457207
Дүйнөнүн айласын кетирген коронавирус
super korona brezilya.jpg
super korona fransa.jpg
super korona brezilya.jpg
super koronavirus.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун (Ковид-19) себебинен каза болгондордун саны  599 миң 710дон, ал эми илдетти жуктуруп алгандардын саны 14 миллион 205 миңден ашты. Айыгып кеткендердин саны 8 миллион 479 миң болду.

142 миң 64төн ашуун өлүм катталган АКШда вируска чалдыккан адамдардын саны 3 миллион 770 миңге көбөйдү. Президент Дональд Трамптын вирусту жуктургандардын саны көбөйгөнүнө карабастан кадимки жашоого кайтууну талап кылганына карата Ак үйдүн Ковид-19га каршы күрөшүү боюнча кызмат тобунун айрым штаттарды эскерткен документ басма сөзгө жайылып кетти. Аты аталган документке караганда, 18 штатта жуктургандардын саны көбөйүп кеткендиктен Ак үй аларды “кызыл зона” деп жарыялады. Документте кызыл зонадагы штаттарга калыбына келтирүү процессин калтырып, барлар менен спорт залдарды кайрадан жабуу жана 10дон ашык кишинин чогулушуна тыюу салуу боюнча эскертилди.

Ковид-19 пандемиясынан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда акыркы 24 сааттын ичинде 1 миң 163 киши каза болуп жалпы 77 миң 851ге, ал эми бейтаптардын саны 34 миң 177ге көбөйүп,2 миллион 46 миң 328ге жетти.

Мексикада бир суткада 736 адам көз жумуп жалпы 38 миң 310го, ал эми жуктургандардын саны 7 миң 257ге көбөйүп 331 миң 298 болду.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда Ковид-19дан улам акыркы бир күндө 114 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 45 миң 233кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 687ге көбөйүп  293 миң 239га жетти.  

Италияда акыркы 24 сааттын ичинде коронавирустун жаңы түрүнүн кесепетинен 11 киши көз жумуп жалпы 35 миң 28ге жогорулады. Бейтаптардын саны 12 миң 456га кыскарган өлкөдө бир күндө 233 адамга вирус жукту.  

Францияда бир суткада пандемиянын себебинен 14 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 30 миң 152ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 836га көбөйүп 207 миң 978 болду. Премьер-министр Жан Кастекс France 2 каналында жасаган билдирүүсүндө пандемиянын өлкөдө дагы деле коркунуч туудурганын белгилеп, француздарга социалдык аралыкты сактап, маска колдонуу боюнча эскертти. Өлкөдө дүйшөмбүдөн баштап, жабык жерлерде маска тагуу милдеттүү болот.

 



Тектеш кабарлар