Азык-түлүк каатчылыгынан жапа чеккен балдар
15,4 миллион бала коронавирустун жана жаңжалдардын айынан азык-түлүк көйгөйлөрүнө туш болушу мүмкүн.
Бириккен Улуттар Уюмунун Балдарга жардам фонду (ЮНИСЕФ) Батыш жана Борбордук Африкада 15,4 миллион бала коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) жана жаңжалдардын айынан азык-түлүк көйгөйлөрүнө туш болушу мүмкүн экендигин эскертти.
ЮНИСЕФтин Батыш жана Борбордук Африкадагы аймактык директору Мари-Пьер Пуарье жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, тамак-аш каатчылыгынан 5 жашка чейинки балдардын көбүрөөк жапа чегиши мүмкүн экенин айтты.
Пуарье: «Ковид-19 жана азык-түлүк коопсуздугунун себебинен жетишсиз тамактануунун көрсөткүчү, аймактагы 19 мамлекетте 2020-жылдын январына салыштырмалуу 20 пайызга жогорулады», деди.
Билдирүүдө, Буркина Фасо, Чад, Мавритания, Нигер, Мали жана Сенегал эң көп жабыр тарткан өлкөлөрдүн катарына кирди.
Мындан тышкары, Ковид-19 пандемиясына чейин бул 6 мамлекетте 4,5 миллион адамдын тамак-аш көйгөйүнө кабылгандыгы божомолдонсо, пандемиядан кийин бул көрсөткүч 5,4 миллионго жеткен.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.