Токио мечитинде 15-Июль шейиттерине Куран окулду

Түркиянын Токиодогу элчилигинин жетекчилигиндеги программага элчи Хасан Мурат Меркан, Япониядагы түрк жарандык коомдук уюмдун өкүлдөрү, академиктер жана Токио мечитинин жамааты катышты.

1456825
Токио мечитинде 15-Июль шейиттерине Куран окулду

Япониянын баш калаасындагы Токио мечитинде 15-Июль Демократия жана Улуттук биримдик күнүнөн улам жума намазынын алдында шейиттердин элесине Куран окулду.

Түркиянын Токиодогу элчилигинин жетекчилигиндеги программага элчи Хасан Мурат Меркан, Япониядагы түрк жарандык коомдук уюмдун өкүлдөрү, академиктер жана Токио мечитинин жамааты катышты.

Токио мечитинин имамы Мухаммет Рифат Чынар, 2016-жылдын 15-июлунда Фетуллахчы террористтик уюмдун (ФЕТӨ) чыккынчылык төңкөрүш аракетинде шейит болгондор үчүн Куран окуду.

Чынар андан соң дуа кылып мусулман элдерге тынчтык жана акыл-эстүүлүк каалады. Жума намазынан кийин жамаатка тамак-аш тартууланды.



Тектеш кабарлар