Британия "орус актёрлорун" айыптады

Орус актёрлорунун 2019-жылдагы жалпы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылгандары айтылууда.

1456572
Британия "орус актёрлорун" айыптады

Британия "орус актёрлорун" былтыркы жалпы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылды деп айыптады.

Тышкы иштер министри Доминик Рааб Коомдук палатада жөнөткөн жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө: «Өкмөт, россиялык актёрлордун мыйзамсыз жол менен алынган жана ачыкка чыккан мамлекеттик документтерди интернетте жайылтуу менен 2019-жылдагы жалпы шайлоого кийлигишүүгө аракет кылгандарына дээрлик ишенет»,- деди.

Улуу Британия-Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Эркин соода келишимине тиешелүү документтердин 2019-жылдагы жалпы шайлоолорго чейин мыйзамсыз жол менен алынгандыгын жана Reddit социалдык медиа платформасы аркылуу таркатылгандыгын белгилеген Рааб, документтерди билгизбеш үчүн шайлоолорго чейин көп аракеттер жасалгандыгын айтты.

Шайлоого каршы "кеңири масштабдагы орус кампаниясы" бар экендиги жөнүндө болсо далил табылбагандыгын айткан Рааб: «Биздин демократиялык процесстерге кийлигишүү аракети эч кандай жол менен кабыл алынбайт», деди.

Рааб Британиянын демократиясын жана шайлоолорун коргоонун артыкчылык экендигин жана бул кийлигишүү аркети боюнча тергөө иштери башталгандыгын белгиледи.



Тектеш кабарлар