Чыгыш өлкөлөрүн жалмаган коронавирус

Ковид - 19 эмдигиче Чыгыш өлкөлөрүн таасирлентүүдө.

1455178
Чыгыш өлкөлөрүн жалмаган коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавиурстан  каза болгондордун саны 582 309ду, вирус жугузган киши саны 13  миллион 503 000ден ашты.  Айыккандардын саны  7 миллион 892 000ден жогорулады.

Индияда 24 371 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 941 630га жогорулады. Индияда Microsoft, Apple ve Amazon сыяктуу таанылган технология кеңселери да болгон түштүктөгү технология борбору Бангалоре да  коменданттык саат киргизилген аймактардын арасында орун алды. Бихар провинциясында болсо коменданттык саат эки жумага узартылды.Саламаттык сактоо министри Харш Вардхан коронаирус бейтаптарынын өлкөнүн түрдүү аймактарында түрдүү учурларда эң жогорку чегине жетиши күтүлүп жатканын билдирди. 

Иранда Ковид  - 19дан улам 13 211 киши каза болгон болсо вирус жугузгандардын саны 262 173 болду. 

Иракта акыркы 24 саатта 95 кишинин каза болушу менен жалпы каза болгондордун саны 3 345ке жетти. Жалпы вирус жугузган кишилердин саны 81 757 болду.

Россияда 11 770 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 746 369га жетти. 

Йеменде 429 киши каза болуп, 1516 кишиге вирус жуккан Йемен үчүн БУУ эскертти. БУУнун гуманитардык жардам координация офисинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта эпидемиянын Йеменде ылдам жайылууну улантып жатканы,  бир топ кишинин вирустан каза болгону белгиленди. 

Африка материгинде эпидемиядан каза болгондордун саны 24 саатта 219 кишиге көбөйүп, 13 504 кишиге жетти. Вирус жугузгандардын жалпы саны 614 412ге чыкты.

Түштүк Африка 4 172 киши менен вирустан эң көп киши каза болгон өлкө болуп, Египетте 3935, Альжирде  1018 киши каза болду.

Сейшеллдер, Эритрея жана Угандадан ушул кезге чейин  өлүм  - житим отчету берилген жок.

Түштүк Африкада вирус жуккандардын саны 287 796ге жеткен болсо андан кийин 83 000 бейтап менен Египет, 33 153 бейтап менен Нигерия келди.

Ковид-19дун кесепетинен Оманда каза болгондордун саны  281ге, Мароккодо 258ге жана Бахрейнде 114кө жетти.

 

 



Тектеш кабарлар