АКШнын аскердик кемесинде өрт чыкты
Өрт эки күндөн бери өчүрүлүүгө аракет кылынууда.
1454800
АКШ деңиз флотуна таандык USS Bonhomme Richard аттуу аскердик кемеде чыккан өрт эки күндөн бери өчүрүлүүгө аракет кылынууда.
Адмирал Филип Собектин айтымында жалын кеменин чоң бөлүгүнө жайылган.
Собек кемени оңдоого болуп же болбой турганы тууралуу суроого : «Куткара алуубуздан үмүт кылуудабыз. Бирок муну өрт өчүрүлгөндөн кийин гана айта алабыз»,- деп жооп берди.
Кечээ кеменин кампасында болгон жарылуудан кийин өрт чыгып 160 кызматкер эвакуацияланды.
Кемеде өлүм - житим болбостон 36 моряк менен 23 жаран дарыланууга алынды.
Тектеш кабарлар
Газада уранды астында 10 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду
Газадагы жарандык коргонуу директорлугунан темага байланыштуу жазуу түрүндө мсаалымат берилди.