Жугуштуу оорулардын 75 пайызы жаныбарлардан жугат

Жапайы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн контрабандасы дүйнө жүзү боюнча жаратылышка жана биоартүрдүүлүккө коркунуч келтирип жатат.

1453075
Жугуштуу оорулардын 75 пайызы жаныбарлардан жугат

Жугуштуу оорулардын жаңы түрлөрүнүн 75 пайызы, жаныбарлардан адамдарга жугуучу оорулардан турат.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) отчетуна караганда, 1999-2019-жылдардын аралыгында, 149 өлкөдө жана аймакта өсүмдүктөр менен жаныбарлардын 6000ге жакын түрүн камтыган 180,000ден ашуун жапайы жаратылыш кылмыштары жасалган.

Отчетто жапайы жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн контрабандасы дүйнө жүзү боюнча жаратылышка жана биоартүрдүүлүккө коркунуч келтирип жаткандыгы баса белгиленди.

Жапайы жаныбарларды табигый чөйрөсүнөн алыстатып мыйзамсыз сатуунун олуттуу кесепеттерине көңүл бурган отчетто, жапайы жаратылышка каршы жасалган кылмыштардын себебинен көбөйүп кеткен жаныбарлардан адамдарга жугуучу зооноздук ооруларга басым жасалып: «Жугуштуу оорулардын жаңы түрлөрүнүн 75 пайызы зооноздук оорулардан турат. Коронавирустун жаңы түрү (Ковид-19) да ушул категорияга киргизилген» деген маалыматка орун берилди.



Тектеш кабарлар