Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1451694
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 550 миң 500дөн, илдетти жуктуруп алгандардын саны 12 миллион 117 миңден ашты. Ал эми 6 миллион 944 миңден ашуун киши айыкты.

134 миңден ашык адамдын өмүрүн алган пандемиянын чордону АКШда бул процесстин экономикалык кесепеттеринен улам күн сайын 40 миллион долларлык чыгымга учурап жаткан, өлкөнүн эң ири авиакомпанияларынын бири United Airlines 1-октябрдан тарта 36 миң кызматкерин мажбурлап өргүүгө кетире тургандыгын жарыялады. United Airlines компаниясынын өз кызматкерлери менен бөлүшкөн маалыматта, коммерциялык авиациянын тарыхы эң оор каржы кризисин баштан кечирип жатканы баса белгиленди.

Пандемиядан эң көп жабыркаган экинчи өлкө Бразилияда каза тапкандардын саны 67 миңге, бейтаптардын саны болсо 1 миллион 683 миңге жетти.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда, акыркы 24 саатта 126 адам көз жумуп, каза болгондордун саны 44 миң 517 адамга жетти. Оорулардын саны 630га көбөйгөн өлкөдө, жуктуруп алгандардын саны 286 миң 979 болду.

Францияда акыркы 24 саатта пандемиянын кесепетинен 32 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 965ке, инфекцияга чалдыккандардын саны 663 адамга көбөйүп, 204 миң 625 болду.



Тектеш кабарлар