Сребреницада "Тынчтык жүрүшү"
«Тынчтык жүрүшү» башталды
Босния Герцеговинанын чыгышындагы Сребреницада 1995 - жылы болгон геноцидден кутулууну каалаган бошняк жарандардын токой жолу аркылуу Тузлага баруу үчүн колдонгон багытта салттуу түрдө өткөрүлгөн «Тынчтык жүрүшү» башталды.
Серб бөлүктөрү эң аз 8372 бошняк жаранды аёсуз өлтүргөн геноциддин 25 - жылында эскерүү иш чараларынын негизинде өткөрүлгөн жүрүшкө жаңы тип коронавирустан улам бул жылы аз санда катышуу болду.
Өткөн жылдарда түрдүү өлкөлөрдөн миңдеген киши катышкан жүрүшкө бул жылы 500 киши катышты. Бул жылкы жүрүш башталыш жери Незук кыштагынын ордуна Зворник жакындарындагы Жми Врх аймагынан башталды. Иш чаранын башталышына аз убакыт калганда Незукта вирус жугузган кишилердин аныкталышы өзгөрүүгө жол ачты.
1995 - жылы көп сандаган кишинин каза болушу менен эл арасында «өлүм жолу» деп да билинге токой жолундагы жүрүштүн 3 күнгө созулары бирок эпидемиядан улам өткөн жылдарга караганда кээ бир өзгөртүүлөрдүн болору билдирилди.
Геноциддин курмандыктары үчүн дуа кылып жүрүштү баштаган катышуучулар 1995 - жылы бошняк жарандар колдонгон токой жолу аркылуу 10 – июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүнө барат.
Ошол эле учурда Сребреница геноцидинин 8 курманы дагы 11 - июлда Поточари мемориалдык көрүстөнүнө коюлат.