Кытайда сел жана жер көчкү апааты

Кытайда болгон сел жол ачкан жер көчкүдө 9 киши каза болду.

1451432
Кытайда сел жана жер көчкү апааты

 Кытайда болгон сел жол ачкан жер көчкүдө 9 киши каза болду.

Куткаруу топторунан берилген маалыматта Хубэй  аймагынын Хуанмей аймагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 04:00 чамаларында жер көчкүнүн болгону белгиленди.

Апааттан улам 9 кишинин жоголгону, куткарылган 40 кишинин баш калкалоочу жерлерге жайгаштырылганы билдирилген маалыматта куткаруу иштеринин улантылып жатканы маалымдалды.

Хубэй жана коңшусу Аньхое аймагы бул жылы жай мезгилиндеги жамгырлардан эң көп таасирленген аймактар болду. Бул аймактардагы чыгымдын жүз миллион доллар экени болжолдолууда.

Аньхоеде 19 дарыя, 5 көл жана 400дөн ашуун суу сактагычта суунун деңгээлинин жогору экени билдирилди.

Хубэй аймагынын Хуанганг шаарында бир суу сактагычтан суунун чыга башташы менен 30 000 киши эвакуацияланды.



Тектеш кабарлар