Дүйнө жүзү коронавирусту ооздуктай албай жатат

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

1450936
Дүйнө жүзү коронавирусту ооздуктай албай жатат

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) каза тапкандардын саны 545 миңден, илдетти жуктуруп алгандардын саны 11 миллион 900 миңден ашты. Ал эми 6 миллион 828 миңден ашуун киши айыгып кетти.

Бразилияда 65 миң 487 адамдын өлүмүнө, бир миллион 623 миң 284 адамдын инфекцияга кабылышына себеп болгон Ковид-19, президент Жаир Болсонародо дагы аныкталды. "Вирусту жуктурбоо үчүн зарыл чараларды көрүп жаткандыгын жана абалынын жакшы" экендигин айткан Болсонаро, Ковид-19га маани бербей пандемияга каршы керектүү чараларды көрбөгөндүгү менен нааразылык жараткан эле.

Пандемиянын Европада чордону Англияда, акыркы 24 саатта 155 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 44 миң 391ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 581ге көбөйүп 286 миң 349 болду.

Италияда акыркы 24 саатта коронавирустун кесепетинен дагы 30 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 34 миң 899га жетти. Ал эми бейтаптардын саны 467ге азайып 14 миң 242ге кыскарды. Өлкөдө 138 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын кесепетинен бир суткада 13 адам каза болуп илдеттен көз жумгандардын саны 29 миң 933кө жетти. Инфекцияга чалдыккандардын саны 475ке көбөйүп 203 миң 962 болду.

Сербияда акыркы 24 саатта дагы 13 адамдын каза болушу менен бирге жалпы 330га жетти. Ооруга чалдыккандардын саны 16  миң 719га жеткен өлкөдө, президент Александр Вучичтин дем алыш күндөрү коменданттык саат киргизилерин жарыялагандан кийин көчөлөргө чыккан белграддын тургундары Сербиянын парламентинин алдына чогулушту. Парламентке кирүүнү каалаган эл полициянын кийлигишүүсүнө туш болуп, бир канча киши болсо айрым көчөлөрдө унаалардын тыгынын жаратты.



Тектеш кабарлар