Түндүк Корея:"АКШ менен сүйлөшүү ниетибиз жок"

Түндүк Корея АКШнын атайын өкүлү Стефен Биегундун Түштүк Корея сапарынан мурда Пхеньян менен Вашингтондун арасында сүйлөшүү ыктымалын дагы бир жолу четке какты.

1450584

Түндүк Кореянын Борбордук маалымат агенттигинин кабарына караганда Түндүк Кореянын тышкы иштер министрлигинин АКШ иштеринен жооптуу департаментинин  башчысы Квон Чон Гун берген маалыматында тышкы иштеринин биринчи орун басары Чо Сон Хуэйдин Түндүк Кореянын АКШ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрбөй турганын ачыкча билдирүүсүнөн кийин да эки өлкөнүн арасында жыйынга арачылык кылуудан сөз кылган кишилердин бар экенин белгиледи.

Квон : «Ачыкча айта турган болсок АКШ менен маңдай  - тескей отуруу ниетибиз жок»,- деди.

Чонун кыска убакыт мурда «Түндүк Корея  - АКШ саммити тууралуу убактысыз айтылган сөздөр» тууралуу мамилесин ачыкча ортого салганын белгилеген Квон Түштүк Кореянын «арачылык» аракеттеринин пайдасыз болорун айтты.

АКШнын тышкы иштер министринин орун басары Стефен Биегундун бүгүн атомдук сүйлөшүүлөр тууралуу Түштүк Кореянын борбор шаары Сеулга келиши күтүлүүдө.

Тектеш кабарлар