Польшада гейлердин бала асырап алуусуна тыюу салган мыйзам долбооруна кол коюлду

Польшанын президенти буга байланыштуу мыйзам долбооруна кол койду.

1450193
Польшада гейлердин бала асырап алуусуна тыюу салган мыйзам долбооруна кол коюлду

Польшанын президенти Анджей Дуда, гейлердин бала асырап алуусуна тыюу салган мыйзам долбооруна кол койгонун жарыялады.

Анджей Дуда, балдар поляк конституциясында өзгөчө орунду ээлегендигин, ошондуктан гейлердин бала асырап алуу маселесин дагы так түрдө жөнгө салуу керектигин айтты.

Дуда тарабынан кол коюлган долбоорго ылайык, конституцияда көрсөтүлгөн никелүү жубайлар гана (эркек жана аял) бала асырап алууга укуктуу.

Гейлердин бала асырап алуусуна тыюу салган мыйзам долбооруна караганда, жалгыз жашаган адамдар дагы соттордун көзөмөлүнөн кийин бала багып алса болот.

Мыйзам долбоору парламентте кабыл алынышы үчүн 2ден 3кө чейин көпчүлүк талап кылынат.



Тектеш кабарлар