Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Пакистандын премьер - министри Зафер Мирза да вирус жугузганын билдирди.

1449729
Чыгыш өлкөлөрүндө коронавирус

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 537 710дон, вирус жуккан киши саны 11 миллион 603 000ден, айыккандардын саны болсо 6 миллион 569 000ден ашты.

Эпидемия ортого чыккан Кытайда акыркы 24 саатта коронавирустан каза болгондор болбостон, 4 жаңы учур катталып, вирус жугузгандардын жалпы саны 83 557ге чыкты. Өлкөдө ушул кезге чейин 4 634 киши каза болду. 

Түштүк Кореяда бир кишинин каза болушу менен вируска байланыштуу каза болгондордун жалпы саны 284кө, вирус жугузгандардын саны да 13 139га жогорулады. 

Дүйнөдө эң вирус жуккан киши саны көп болгон 3 -  өлкө Индияда акыркы 24 саатта 425 кишинин дагы каза болшу менен Ковид  - 19дан каза болгондордун жалпы саны 19 707ге, вирус жуккан киши саны да 24 248ге көбөйүп, 698 817ге жогорулады.

Вирустан 4 762 киши каза болгон Пакистандын саламаттык сактоо министри Зафер Мирза Ковид  - 19 тестинин позитив чыкканын билдирди. Твиттерден маалымат берген Мирза вирустун өзүндө жеңил симптомдорду көрсөткөнүн белгилеп : «Дарыгерлердин да сунушу менен өзүмдү изоляцияладым»,- деди. Мирза Пакистан өкмөтүндө вирус жугузган төртүнчү министр болду.

Россияда акыркы бир күндө каза болгондордун саны 135ке көбөйүп, жалпы каза болгондордун саны 10 296га, 6 611 кишиде  дагы коронавирустун аныкталышы менен вирус жалпы вирус жукан киши саны 687 862ге жогорулады. 

Түндүк Кипр Түрк Республикасында акыркы 24 саатта жаңы тип коронавирустан жаңы учур катталган жок. Ушул кезге чейин 4 киши каза болгон өлкөдө 5 бейтап дарыланууну улантууда.

11 571 киши каза болгон Иранда вирус жугузган киши саны 240 438 болду. 

Иракта акыркы 24 саатта коронавирустан 105 киши каза болуп, жалпы каза болгондордун саны 2 473кө чыкты. Өлкөдө 2 125 жаңы учур катталып жалпы вирус жуккан киши саны 60 479 болду.

3 киши каза болгон Мадагаскардын борбор шаары Антананариводо Ковид  - 19 жугузгандардын артышы менен эки жарым айдан кийин кайрдан карантин киргизилет. Өлкөдө бейтап саны 2 жума мурда дээрлик эки эсеге жогорулап 2 941ге чыкты.

Жалпы Африка материгинде вирустан каза болгондордун саны 24 саатта 279га көбөйүп, 11 395ке, бейтап саны да 13 620га көбөйүп жалпы 479 788ге жогорулады.

Ушул күнгө чейин Египетте 3 343 киши каза болсо, Түштүк Африкада 3 199, Алжирде 952 киши каза болду.

Сейшеллдер, Эритрея, Уганда, Намбия жана Лесотодо ушул кезге чейин өлүм  - житим тууралуу отчет берилген жок.

Түштүк Африкада бейтап саны 200 000ге жакындап, бул өлкөдөн кийин 75 253 бейтап менен Египет, 28 711 бейтап менен Нигерия келди.

Африкада айыккан бейтап саны да 230 000ден ашты.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дан каза болгон киши саны төмөнкүчө болду:

Индонезияда 3  171, Бангладеште 2 052, Сауд Арабияда 1916, Бириккен Араб Эмираттарында 323 жана Катарда 128.

 



Тектеш кабарлар