Бүтпөгөн коронавирус, бушайман болгон дүйнө жүзү...

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны дүйнө жүзү боюнча 534 миң 398, ооруга чалдыккандардын саны 11 миллион 420 миң 445ке жетти.

1449399
Бүтпөгөн коронавирус, бушайман болгон дүйнө жүзү...
super koronavirus.jpg
KORONA SÜPER
SÜPER FOTO ABD PROTESTO.5.jpg

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) улам каза болгондордун саны дүйнө жүзү боюнча 534 миң 398, ооруга чалдыккандардын саны 11 миллион 420 миң 445ке жетти. Айыккан адамдардын саны 6 миллион 467 миң 970 болду.

Вирустун айынан АКШда (АКШ) каза болгондордун саны 132 миң 335ке чейин көбөйүп, өлкөдө жалпы жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 936 миң 904ке жетти.

Түштүк Америка өлкөлөрүнүн бири Бразилияда, Ковид-19дан келип чыккан жоготуулардын саны 64 миң 365 адамды түздү. Буга чейин өлкөдө 1 миллион 578 миң 376 адамга инфекция жуккан.

Ковид-19дан каза болгондордун саны Мексикада 30 366 адамга жетти. Өлкөдө 252 миң 165 жуктурган учур катталды.

Эпидемиянын Европадагы чордону болгон Улуу Британияда акыркы 24 саатта 65 жаңы өлүм катталып жалпы каза болгондордун саны 44 миң 198ге жетти, акыркы   624 жаңы жуктуруп алгандар менен бирге өлкөдө жалпы 284 миң киши вируска чалдыккан . Ресторандар, барлар жана кафелер өлкөдөгү эпидемияга каршы иш-чаралардын алкагында ачылган, бирок биринчи күнү көпчүлүк жерлер бош калган.

Ковид-19дан 34 миң 854 адам каза болгон Италияда 241 миң 419 жуктурган учур катталган.

Францияда бүгүнкү күнгө чейин 29 миң 893 адам көз жумган болсо, жалпы жуктуруп алгандардын саны 166 миң 960 адамга жетти.

Испанияда 28 миң 385 адам өлүмгө учурап, 297 миң 625 адам ооруну жуктурган.

Эпидемия биринчи пайда болгон Кытайда акыркы 24 саатта вирустан өлүм катталган жок, бирок  жаңы жуккан 8 учур менен бирге вируска чалдыккан адамдардын саны 83 555ке жеткен. Бүгүнкү күндө өлкөдө 4 миң 634 адам көз жумган.

Түштүк Кореяда акыркы бир күндө каза тапкан болгон жок, бирок жуктурган учурлардын саны 61ге көбөйүп, 13 миң 91ге жетти. Бүгүнкү күнгө чейин 283 адам көз жумган.

Акыркы 24 саат ичинде Россияда эпидемиядан каза болгондордун саны 134 адамга көбөйүп, 10 миң 161, Ковид-19 табылган адам саны 6 миң 736 адамга көбөйүп, алардын саны 681 миң 251ге жеткен.

Акыркы 24 саатта Индияда 610 адам каза болду. Ошентип, өлкөдө вирустан каза болгондордун саны 19 279 адамга чейин көбөйдү.

Акыркы 24 саатта Түндүк Кипр Түрк Республикасында (ТКТР) коронавирустун жаңы түрү бир кишиде аныкталды, анда вирустун айынан 4 адам каза болду; жуктургандардын саны 113кө көбөйдү.

Азербайжанда каза болгондордун саны 6га көбөйүп 241ге жетти, акыркы 24 саатта  534 адамдан Ковид-19 табылганда,жуктургандардын жалпы саны 19 миң 801ге чейин жогорулаган.

Акыркы 24 саат ичинде эпидемиядан каза болгондордун саны 6га көбөйүп 418ге жеткен Беларуссияда, 273 вирустун табылышы менен, алардын саны 63 миң 270ке көбөйгөн.

Молдовада акыркы 24 саатта адам өмүрүн жоготуу 580 адамга жетип, вирусту 227 адамда аныкталышы менен жуктуруп алгандардын саны 17 миң 672ге жеткен. Саламаттык сактоо кызматкерлеринин 2 миң 516сы вирус жуктуруп, алардын 26сы көз жумган. Молдованын Гагауз автономиялык аймагындагы жуктуруп алгандардын саны 10 кишиге көбөйүп 290 миңге жетти.

Акыркы 24 саатта бир адам көз жумган Өзбекстанда жалпы каза болгондордун саны 30 адам  болду, ал эми Ковид-19 учурунун саны акыркы 24 саатта 111 адамга көбөйүп, 9,611 адамга жетти.

52 адамдын өмүрүн алган Тажикстанда акыркы 24 саатта Ковид-19 жуктурган учурларынын саны 51ге көбөйүп, 6159га жеткен.

Ковид-19дун кесепетинен 15 адам каза тапкан Грузияда, акыркы 24 саатта дагы 2 вирус жуктурган учур катталып, жалпы ооругандардын саны 951ге көбөйдү.

Иракта коронавирустун жаңы түрүнүн айынан бир күндө 106 адам көз жумуп, каза болгондордун жалпы саны 2 миң 368ге жетти. Өлкөдө 2 миң 334 жаңы жуктурган учур катталып алардын саны 58 354 адамды түзөт.

Вирустун айынан 117 адам көз жумган Африка өлкөсү Ганада, президент Акуффо-Аддо жакын чөйрөсүндөгүлөрдөн бирөөндө Ковид-19 аныкталганда өзүн карантинге алды.

Акыркы 24 сааттын ичинде Түштүк Африка Республикасында вирустун айынан 74 адам көз жумгандан кийин, жалпы каза болгондордун саны 3,626 адамга, инфекцияга чалдыккандардын саны 10 миң 853 кишиге көбөйүп, 187 миң 977 адамга жетти.

Африка континентинде Ковид-19дан каза болгондордун саны 11115ке чейин көбөйгөн, ал эми Континенттеги жуктуруп алган учурлардын саны 465 миңден ашкан.

Палестинада Ковид-19 диагнозу коюлган дагы эки бейтаптын көз жумушу мененбирге жалпы сан 19 адамга жетти. Палестинанын аймагында Израилдин оккупациялык түзүмү астында 237 жаңы учур аныкталды. Президент Махмуд Аббас өзүнүн жарлыгында коронавирустун жайылуусуна байланыштуу Палестинанын бардык аймактарында 30 күнгө чукул кырдаал жарыяланганын айтты. Буга караганда  басып алуу астындагы Батыш шериадагы Палестинанын  шаарларына кирип-чыгуулар  токтотулуп, көчөгө чыгууга тыюу салуу ишке ашышы  жана шаарлар аралык сапарлар чектелиши мүмкүн.

Израилде вирустун айынан каза болгондордун саны 330га жетти. Ковид-19 аныкталган адамдардын саны 29 миң 32ге көбөйдү.

Айрым өлкөлөрдөгү жоготуулар:

Иран 11 миң 408, Пакистан 4 миң 712, Египет 3 миң 280, Индонезия 3 миң 89, Бангладеш 1997, Сауд Арабиясы 1858, Бириккен Араб Эмираттары 321 жана Катар 123.



Тектеш кабарлар