Персеверанс дагы бир жолу учурулбай калды

Персеверанстын 17-июлга пландаштырылган учуруу иштери, ар кандай бузулуулардан улам эки жолу жылдырылган болчу.

1447879
Персеверанс дагы бир жолу учурулбай калды

Америка Кошмо Штаттарынын Авиация жана космос агенттиги (NASA) Марска жөнөтүүнү пландап жаткан чалгындоочу аппараты Персеверанстын космоско учурулушун кийинкиге калтырды.

НАСАнын билдирүүсүнө караганда, 22-июлга пландалган учуруу иши учуруу системаларындагы кемчиликтерди жоюуга кошумча убакыт талап кылынгандыктан 30-июлга жылдырылды.

Жылып жүргөн чалгындоочу аппараттын, Флорида штатындагы Кейп Канаверал космостук борборунан Атлас 5 ракетасы менен 30-июлдан 15-августка чейин учурулушу пландалууда.

Персеверанстын 17-июлга пландаштырылган учуруу иштери, ар кандай бузулуулардан улам 20-июлга андан кийин 22-июлга жылдырылган болчу.



Тектеш кабарлар