Коронвирустун Чыгыш өлкөлөрүнө таркашы

Батыш Шериадагы шаарларда 5 күн жалпы карантиндин болорун билдирилди.

1447423
Коронвирустун Чыгыш өлкөлөрүнө таркашы

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза болгондордун саны 519 миң 977ден ашты. Вирус жугузган киши саны 10 миллион 850 000, айыккандардын саны 6 миллион 67000 болду.

Индияда 434 кишинин дагы каза болушу менен Ковид – 19дан каза болгондордун саны 17 834кө жетти. Өлкөдө 24 сааттын ичинде 19 148 жаңы учур катталды. Жалпы вирус жугузган киши саны 604 641ге жогорулады.

Эпидемия чыккандан бери Кытайда 4 634 киши каза болуп, акыркы 24 саатта вирустан өлүм  - житим болбостон 3 жаңы учур катталды. Ушундайча жалпы бейтап саны 83 537ге жетти. 

Түштүк Кореяда ушул күнгө чейин 282 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 12 904кө жогорулады. Өлкөдө акыркы 24 саатта коронавирустан өлүм  - житим болгон жок. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдына алуу борборунан берилген маалыматта 24 саатта 54 жаңы учурдун катталганы, алардын ичинен 10 кишинин өлкө тышынан келгени билдирилди. 

Россияда каза болгондордун саны 9 683кө, вирус аныкталган киши саны 661 165ке жогорулады. 

Иранда вирустан 11 106 киши каза болуп, 232 863 кишиге вирус жуккан болсо Израилде  324 киши каза болду жана күнүмдүк бейтап саны биринчи жолу 1000ге жетти. Өлкөдө жалпы вирус жуккан киши саны 26 452. 

Иранда  10 958 киши каза болуп, вирус жуккан киши саны 230 211ге жетти. 

Палестина башкаруусу коронавирус жуккан киши санында өсүүдөн улам басып алынган Батыш Шериадагы шаарларда 5 күн жалпы карантиндин болорун билдирди.

Саламаттык сактоо министрлиги акыркы жолу басып алынган Чыгыш Кудс менен кошо 11 киши каза болгон өлкөдө вирус жуккан киши саны 3 095ке жогорулаганын белгиледи.

115 киши каза болгон Катарда 915 кишинин вирус жугузушу менен жалпы вирус жуктурган киши саны 9703кө жогорулады. Саламаттык сактоо министри Ханан Мухаммед ел  - Кувари Ковид  - 19дун эң жогору көтөрүлүү чегинен өтүшкөндөрүн жарыялады.

Жалпы Африкада каза болгондордун саны 24 саатта 258 кишиге көбөйүп 10 442ге чыкты. Египетте 3 034 киши каза болуп, Түштүк Африкада 2749, Алжирде 920, Нигерияда 603 жана Суданда 602 киши каза болгон. Сейшеллдер, Эритрея, Уганда, Намбия жана Лесотодо ушул кезге чейин өлүм  - житим тууралу отчет берилбеди.  

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19 кесепетинен каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Пакистан да 4 473, Индонезияда 2 934, Иракта 2 160, Бангладеште 1888 жана Сауд Арабиясында 1698.

 



Тектеш кабарлар