ДСУ Covid-19 менен «комплекстүү күрөшүү» чакырыгын салды

Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун борборунда видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Гебрейесус, өлкөлөргө Ковид-19 менен «комплекстүү күрөшүү» чакырыгын салды.

1447653
ДСУ Covid-19 менен «комплекстүү күрөшүү» чакырыгын салды

 

Дүйнөлүк Саламаттык сактоо Уюмунун (ДСУ) директору д-р Тедрос Адханом Гебрейесус, жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) пандемиясынан эң кыска убакта кутулуш үчүн өлкөлөргө «комплекстүү күрөшүү» чакырыгын салып, «тест, физикалык аралык жана контактты издөөнүн» бир убакта жасалышы керектигин баса белгиледи.

Швейцариянын Женева шаарындагы ДСУнун борборунда видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн маалымат жыйынында сөз сүйлөгөн Гебрейесус, дүйнөдө жалпы жуктуруп алгандардын санынын 10,8 миллиондон ашканын, 519 миңден ашуун кишинн да Ковид-19дун себебинен каза тапканын маалымдады.

Гебрейесус, дүйнөдөгү жуктуруп алгандардын санынын 60 пайыздан ашуунунун өткөн айда билдирилгенин айтып, «Өткөн аптада жаңы жуктуруп алгандардын саны күн сайын 160 миңден ашып жатты»,-деди.

Пандемиядан кутулуш үчүн «комплекстүү күрөшүү» ишке ашыруусунун шарт болгонун баса белгилеген Гебрейесус, өлкөлөргө «Бир гана тест, бир гана физикалык аралык, бир гана контактты издеп эле тим калбагыла. Булардын бардыгын бирге жасагыла»,деген сунушун айтты.

ДСУнун директору айрым өлкөлөрдүн пандемияга каршы күрөшүүдө колдорундагы бардык мүмкүнчүлүктөрдү жана инструменттерди колдонбой жатышына санааркагандарын белгиледи.

Тедрос Адханом Гебрейесус, пандемиядан эң кыска убакта кутулуунун эң жакшы эки жолунун «илимди байкоо» жана «комплекстүү күрөшүүдөн» өткөнүн баса белгиледи.



Тектеш кабарлар