Кытай Гонконг коопсуздук мыйзамын бекитти

Мыйзам Конгресс бекиткенден кийин  1 -  июлдан тарта иштей баштайт.

1446079
Кытай Гонконг  коопсуздук мыйзамын бекитти

 Кытай өкмөтү Гонконгдо ишке ашырылышы жана борбордук өкмөттү кулатууга аракет кылуу, мекенге кыянаттык жана улуттук коопсуздукту коркунучка салуу кыймылдарына тыюу салган Улуттук Коопсуздук Мыйзамын бекитти.

Эл аралык басма сөздө орун алган кабарларга караганда Кытайдын эң жогорку деңгээлдеги мыйзам чыгаруу органы Улуттук Элдик Конгрессиндеги добуш берүүдө Эл аралык Коопсуздук Мыйзамы добуш бирдиги менен кабыл алынды.

Жергиликтүү убакыт боюнча эрте менен саат 9:00дө башталган отурумда мыйзам тууралуу добуш берүүнүн 15 минутада аткарылганы жана  комитеттин туруктуу 162 мүчөсүнүн кабыл добуш бергени билдирилди.

Мыйзамдын Конгресс бекиткенден кийин  1 -  июлдан тарта иштей баштай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар