Ооганстанда Талибан чогулушуна абадан сокку урулду

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Сар-Пул провинциясында Талибандын жогорку жооптуу адамдары катышкан жыйынга абадан сокку урушту.

1444892
Ооганстанда Талибан чогулушуна абадан сокку урулду

Ооганстандын коопсуздук күчтөрү Сар-Пул провинциясында Талибандын жогорку жооптуу адамдары катышкан жыйынга абадан сокку урушту.

Ооганстандагы Сар-Пул провинциясынын басма сөз катчысы Забихулла Аманинин Анадолу агенттигине (АА) сүйлөп жатып айтканына караганда, Талибандын жогорку жооптуу адамдары Сузма Кале шаарында жолугушуп жатканда абадан сокку уюштурулган.

Кол салуудан көптөгөн согушкерлер, анын ичинде Талибандын башкаруучулары набыт кылынганын белгилеген Амани, Талибандын жоготууларынын так саны азырынча жеткен жок деп билдирди.

Талибан азырынча эч кандай түшүндүрмө бере элек.



Тектеш кабарлар