Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1443467
Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 488 миң 143төн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 9 миллион 656 миңден ашты. Ал эми 5 миллион 245 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Италияда пандемиянын себебинен бир күндө 37 киши каза болуп жалпы 34 миң 678ге жетти. Өлкөдө бейтаптардын саны 352ге кыскарып 18 миң 303 болду. Ушул күнгө чейин Ковид-19ду жуктуруп алгандардын саны 239 миң 706га жогорулап акыркы 24 саатта 296 жаңы учур катталды.

Францияда пандемиянын айынан акыркы суткада 21 кишинин каза болушу менен бирге жалпы 29 миң 752, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 81ге көбөйүп 198 миң 824 болду.  

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги акыркы бир жумада 10 кишинин каза тапканын, ошону менен жалпы каза болгондордун саны 28 миң 330га жеткенин билдирди. Министрлик акыркы 24 саатта вирусту жуктуруп алгандардын саны 157ге көбөйүп жалпы 247 миң 486га жогорулаганын маалымдады.

Португалияда болсо бир суткада 6 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 549га, илдетке чалдыккандардын саны 311 жаңы учур менен бирге 40 миң 415ке жетти.



Тектеш кабарлар