ЕБнен Грецияга сунуш: «Түркия менен жакшы коңшулук мамилелерди кур»

Боррель Грецияга барды.

1442757
ЕБнен Грецияга сунуш: «Түркия менен жакшы коңшулук мамилелерди кур»

Европа Биримдигинин (ЕБ) тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, Түркия менен жакшы мамилелерди куруунун Греция менен ЕБне пайда алып келээрин белгилеп: «Андыктан, Түркия менен байланыш куруп кайрадан ишенимди бекемдешибиз керек»,-деди.

Грецияга барган ЕБнин тышкы саясат жана коопсуздук маселелери боюнча жогорку өкүлү Жозеп Боррель, тышкы иштер министри Никос Дендиас менен Түркия-Греция чек арасына жакын Еврос аймагында иликтөөлөрдү жүргүздү.

Боррель андан соң биргелешкен маалымат жыйында, Түркия менен жакшы коңшулук мамилелерди куруунун Грецияга көбүрөөк пайда алып келе тургандыгын билдирип: «Түркия менен жакшы мамиледе болуу үчүн эч кимдин Грециядан дагы маанилүү себептери жок. Анткени акырында биз жакшы коңшу болушубуз керек»,- деп айтты. Боррель ошондой эле мындай деди:

«Түркия менен жакшы коңшулук мамилелерди жүргүзүү Грецияга көп пайда алып келет. Андыктан Түркия менен байланыш куруп кайрадан ишенимди бекемдешибиз керек. Мамилелерибизди өркүндөтүп, учурдагы көйгөйлөрдү чечүү Европа Биримдиги, Түркия жана Греция үчүн пайдалуу болот»-деди.



Тектеш кабарлар