Жапон премьер-министри камакка алынган мурдагы министри үчүн кечирим сурады

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, өткөн жылкы шайлоолорго бурмалоо кошуп добуш сатып алганы дооматы менен камакка алынган мурдагы адилет министри үчүн кечирим сурады.

1439135
Жапон премьер-министри камакка алынган мурдагы министри үчүн кечирим сурады

Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ, өткөн жылкы шайлоолорго бурмалоо кошуп добуш сатып алганы дооматы менен камакка алынган мурдагы адилет министри Каваи Кацуюки жана жубайы Каваи Анри туурасында коомдук пикирден кечирим сурады.

Абэ өткөргөн маалымат жыйынында Өкүлдөр палатасы (Шуугиин) мүчөсү жана мурдагы адилет министри Кацуюки менен жубайы Кеңешчилер палатасынын (Сангиин) мүчөсү Анринин 2019-жылдын июлундагы шайлоолордо акча менен добуш сатып алгандары дооматтары менен камакка алынуусу боюнча өз оюн айтты.

Либерал демократиялык партиянын (ЛДП) мүчөлүгүнөн шаршемби күнү чыккан, бирок эл өкүлдүгүнөн кетпей тургандарын билдирген Каваи жубу тууралуу өкүнгөндүгүн билдирген Абэ: «Партиямда милдет алган Улуттук парламенттин мүчөлөрүнүн камакка алынышы абдан бактысыз абал»,-деди.

Абэ: «Аны (Каваи Кацуюки) адилет министри катары дайындоо жоопкерчилигимди толук билемин жана элимден кечирим сураймын»,-деп айтты.



Тектеш кабарлар