Ливиядагы массалык көрүстөндөргө байланыштуу Катардын чакырыгы

Ливияда сөөктөр тобу менен көмүлгөн көрүстөндөр табылууда.

1438281
Ливиядагы массалык көрүстөндөргө байланыштуу Катардын чакырыгы

Катар, Ливиянын Терхуне шаарындагы массалык мүрзөлөрдүн табылышын айыптап, күнөөлүүлөрдүн аныкталышы үчүн көз карандысыз жана калыс иликтөөнү талап кылды.

Катардын расмий маалымат агенттигинин QNA кабарына караганда Катар мамлекети, Ливиядагы айрым тараптардын мыкаачылык жана ырайымсыз согушкерлерди колдонуу менен ливиялыктардын жашоого болгон укуктарын урматтабаганын баса белгиледи.

Маалыматта Катар Терхуне шаарында массалык мүрзөлөрдүн табылышын айыпталганын жана кылмышкерлерди аныктоо үчүн көз карандысыз жана калыс териштирүүнү көздөгөн мамлекеттерди  колдогонун билдирди.

Ливия армиясы, 5-июнда Терхунени өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерден тазалап, шаардын ооруканасынан 106 адамдын сөөгүн тапкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) жарыялаган сандарына караганда, жакында Терхуне жана анын айланасында 8 массалык көрүстөн табылды.

Ливия өкмөтү, эл аралык коомчулукту "жарандык аймактарга жарылуучу зат, миналардын тузакка коюлушу, сотсуз өлүм жазасы, өлүктөрдү жашыруу, кыйноо" сыяктуу кылмыштарды иликтөөгө чакырды.



Тектеш кабарлар