Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Коронавирус дүйнөнүн шайын оодарды.

1436151
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 436 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 8 миллион 28 миңден ашты. Ал эми 4 миллион 148 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

АКШда коронавирустан 117 миң 865 миң киши көз жумду, 2 миллион 162 миң 896 кишиде вирус аныкталды.

34 миң 345 киши каза тапкан Италияда тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо, Ковид-19 пандемиясынан кийин 15-июндун Европанын кайрадан ачыла турган күн болоорун белгиледи.

Францияда коронавирустун себебинен акыркы 24 саатта көз жумган 9 киши менен бирге илдеттен каза тапкандардын саны 29 миң 407ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 407ге көбөйүп 194 миң 625ке жогорулады. Президент Эммануэль Макрон 22-июндан тарта бала бакча, башталгыч жана орто мектептер кайрадан ачылып, бардык окуучулардын мектепке бараарын айтты. Макрон Парижде учурдагы Ковид-19 чаралары жоюлгандыгын, кафелер менен ресторандардын ички бөлүгүнүн бүгүнтөн тарта кызмат көрсөтөөрүн жарыялады.

Испанияда Саламаттык сактоо министрлиги 27 деп жарыялаган каза тапкандардын санын 26га түшүрдү. Каза болгондордун жалпы саны 27 миң 136 бойдон экендиги белгиленди. Өлкөдө 48 жаңы учур катталып вирусту жуктуруп алгандардын саны 243 миң 928ге жогорулады.

Португалияда акыркы 24 саатта 5 киши каза болуп Ковид-19дан көз жумгандардын саны 1 миң 517ге, илдетке чалдыккандардын саны 227 жаңы учур менен бирге 36 миң 690го жетти.

Пандемиядан эң көп таасирленген Бразилияда көз жумгандардын саны 43 миң 389га, вируска чалдыккандардырдын саны 867 миң 882ге жетти.

17 миң 141 киши каза тапкан Мексикада вирусту жуктуруп алгандардын саны 146 миң 837ге жогорулады.

Айрым өлкөлөрдө Ковид-19дун кесепетинен каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Англия 41 миң 698, Бельгия 9 миң 655, Германия 8 миң 870, Канада 8 миң 146, Перу 6 миң 688, Швеция 4 миң 874, Чили 3 миң 323 жана Колумбия 1667



Тектеш кабарлар