Дональд Трамп 19 - июндагы шайлоо митингин кечеңдетти
Тулса митинги Трапмтын жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам үч жарым айдан кийин өткөрүлө турган биринчи шайлоо митинги болот.
АКШнын президенти Дональд Трамп Оклахоманын Тулса шаарында 19 - июнда өткөрө турган шайлоо митингин «кулчулукка тыюу салынышына» карата иш чараларга туш келгендиктен афроамерикалыктардан келген талап боюнча 20 - июнга жылдырганын билдирди.
Дональд Трамп расмий твиттер эсебинен берген маалыматта 19 - июнда Тулсада өткөрө турган митингдин 1862 - жылы өлкөдөгү кулчулукка тыюу салууга карата "Juneteenth" эс алуусуна туш келгендигине көңүлдөрдү буруп : «Афроамерикалык бир топ досум жана колдоочум бизге бул эс алууга жана бул күндүн өкүлү болгон маанилүү окуяларга урмат - сыйдан улам митинг күнүн алмаштыруубузду сунуш кылды»,- деп билдирди.
Митинг билеттеринин сатылышы эмитеден 200 000ден ашканын белгилеген Трамп : «Келген талаптардын негизинде митингди 20 - июнда өткөрүүгө чечим чыгардык»,- деди.
АКШда Африка тектүү Жорж Флойддун 25 - майда полициянын зомбулугу менен өлтүрүлүшүнөн кийин өткөрүлгөн митингдер өлкөдөгү «расистик» талкууларды күчөткөн.
Тулса митинги Трапмтын жаңы тип коронавирус эпидемиясынан улам үч жарым айдан кийин өткөрүлө турган биринчи шайлоо митинги болот.