ЙПГ/ПКК Бабда базарды бутага алды

«Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Баб районунун борборунда райондук базарга ташталган пакет жарылды.

1434179
ЙПГ/ПКК Бабда базарды бутага алды

Сириянын түндүгүндөгү Баб районунда райондук базарга ташталган пакеттин жарылуусунун себебинен 3 жаран жаракат алды.

«Евфрат калканы» операциясы менен террордон тазаланган Баб районунун борборунда райондук базарга ташталган пакет жарылды.

Террордук кол салуудан 3 жаран жаракат алды.

Окуя болгон жерге барган медициналык топтор жаралууларды Бабдагы ооруканаларга жеткирди.

Жарылуунун себебинен чөйрө материалдык зыянга учурады.

Окуя болгон жерде иликтөөлөрдү жүргүзгөн коопсуздук күчтөрү, кол салуунун жикчил террордук уюм ЙПГ/ПКК тарабынан жасалганы ыктымалына токтолууда.

Бабда акыркы бир айда 3 башка шектүү пакеттин жарылуусунун себебинен 22 жаран жаракат алган болчу.

Тел Рыфат жана Манбиж аймактарында басып алуусун уланткан террордук уюм ЙПГ/ПКК, тез-тез Баб, Азез, Жераблус жана Африн аймактарын бутага алып террордук кыймылдарын кылып келет.



Тектеш кабарлар