Путин менен Меркель сүйлөштү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1432858
Путин менен Меркель сүйлөштү

Россиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Ливиядагы кырдаалды сүйлөштү.

(Россиянын Президенттик сарайы) Кремлдин билдирүүсүндө, Путин менен Меркелдин сүйлөшүүсүндө Ливиядагы чыр-чатактын күчөшүнө байланыштуу тынчсыздануулардын айтылгандыгы белгиленди.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) карамагында ливиялыктардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн башталышы жана жаңжалдарды токтотуудан башка альтернатива жок экендиги баса белгиленген сүйлөшүүдө, орус тараптын Египеттин Ливия кризисин жөнгө салуу боюнча аракеттерине оң баа бергендиги маалымдалды.

Украина кризиси боюнча дагы эки лидердин пикир алмашкандары белгиленген билдирүүдө, Сириядагы кырдаалдын дагы каралгандыгы кабарланды.



Тектеш кабарлар