БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары виртуалдык чөйрөдө өтөт

Бул туурасында БУУ билдирди.

1432406
БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары виртуалдык чөйрөдө өтөт

Бириккен Улуттар Уюму (БУУ) жыл сайын сентябрда Нью-Йоркто дүйнөлүк лидерлердин башын бириктирген БУУнун Башкы Ассамблеясынын жыйындары ушул жылы видеоконференция аркылуу өткөрүлөт деп жарыялады.

БУУнун Башкы ассамблеясынын башчысы Тижжани Мухаммед-Банде маалымат жыйынында: «Мамлекет жана өкмөт башчылары Нью-Йоркко келе алышпайт, анткени бул мүмкүн эмес»,- деди.

Банде, быйылкы жыйындардын виртуалдык чөйрөдө кантип өткөрүлөөрү жөнүндө болсо эки аптанын ичинде маалымат бериле тургандыгын айтты.



Тектеш кабарлар