Чыгыш өлкөлөрү коронавирус менен алпурушууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 373 миң 900дөн ашты.

1427009
Чыгыш өлкөлөрү коронавирус менен алпурушууда

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 373 миң 900дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 6 миллион 268 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 848 миңден ашуун  киши илдеттен айыкты.

Ирактын Күрт Аймактык Башкаруусунда (ИКАБ) Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан жарыяланган билдирүүдө, Сүлеймания жана Эрбил провинцияларында жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен 2 киши каза болгону белгиленди. Билдирүүдө Сүлейманияда 101, Эрбилде 3 болуп бардыгы 104 тест жыйынтыгы позитив болуп чыккандыгы, бул болсо аймакта ушул убакка дейре эң жогорку жуктурган учур болгону маалымдалды. Аймакта вирус жуккан учур болбогону, бейтаптардын саны 14кө чейин азайганы боюнча 11-майдан тарта нормалдуу турмуш башталган эле.

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, өзүнүн жана бүткүл үй-бүлө мүчөлөрүнүн Covid-19 тестинин позитив болуп чыкканын жарыялады. Пашинян, чоң ыктымалдуулук менен бизнесс жыйналышына катышканда Covid-19ду жуктуруп алганын, андан кийин үй-бүлө мүчөлөрүнө жукканын маалымдады. Пашинян өлкөдө пандемияга байланыштуу абал жакшы эместигин, бул вирус менен жашоону үйрөнүү керектигин айтты.

5 408 киши каза тапкан Индияда жуктуруп алгандардын саны акыркы 24 саатта 8 392ге көбөйүп 190 миң 791ге жогорулады.

Пакистанда болсо каза болгондордун саны 1 543кө, вирусту жуктуруп алгандардын саны болсо 72 460ка жетти.



Тектеш кабарлар