Афганстанда Талибан кол салды
Кол салууда 7 аскер каза болду.
1425016
Афганстанда Рамазан майрамында ок атышпоодон кийин Талибан террористтери жасаган биринчи кол салууда 7 аскер каза болду.
Перван акимчилигинин катчысы Вахиде Шахкар террористтердин Первандын Сияхгирд районунун Антен айылындагы аскердик пунктка куралдуу кол салганын айтты.
Ок атышпоодон кийин жасалган биринчи кол салууда 7 аскер каза болуп, бир аскердин жараланганын билдирген Шахкар эки аскердин да террористтер тарабынан барымтага алынганын белгиледи. Шахкар чыккан кагылышууда террористтердин да жоготууга учураганын айтты.