Японияда өлкө ичиндеги туристтерге финансылык жардам көрсөтүлөт

Шинзо Абе өкмөтү Ковид  - 19 таасирин тийгизген  туризмди баштоо үчүн «Саякатка чык» акциясы тууралуу кенен маалымат берди.

1424255
Японияда өлкө ичиндеги туристтерге финансылык жардам көрсөтүлөт

 Япония өкмөтү жаңы тип коронавирус таасирин тийгизген туризм тармагын жандандыруу үчүн өлкө ичинде эс алууга чыга тургандарга күнүмдүк 20 000 йен финансылык жардам берет.

Премьер  - министр Шинзо Абе өкмөтү Ковид  - 19 таасирин тийгизген  туризмди баштоо үчүн «Саякатка чык» акциясы тууралуу кенен маалымат берди.

Июль айында башталышы пландалып жаткан 1, 35 триллион йен (12,5 миллиард доллар) көлөмүндөгү долбоор Япония туризм агенттиктеринен же салттык «риокан» мейманканаларынан жасала турган саякат резервацияларын камтыйт.

Ушуга караганда конуучу жер, жакын дүкөн жана ресторандарда колдонула турган төмөнкү баа купондору менен саякат чыгымдарынын жарымы камсыздалат.

Акция Японияга өлкө тышынан бара турган туристтердин саякат үчүн төлөмдөрүн камтыбайт.



Тектеш кабарлар