Айрым өлкөлөрдөгү коронавирус көрсөткүчтөрү...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 350 миңден ашты.

1423579
Айрым өлкөлөрдөгү коронавирус көрсөткүчтөрү...

 

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 350 миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 5 миллион 500 миңден ашты. Ал эми 2 миллион 352 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын Европадагы чордону Англияда (Ковид-19дун себебинен каза тапкандардын саны 121 кишиге көбөйүп 36 миң 914кө, 1625 жаңы жуктурган учур катталышы менен бирге инфекцияга чалдыккандардын саны 261 миң 184кө жетти.

Францияда вирустан акыркы бир күндө 65 киши көз жумуп жалпы каза болгондордун саны 28 миң 432ге жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 358ге көбөйүп  219 миң 437ге жогорулады.

Испаниянын саламаттык сактоо министрлиги болсо жаңы типтеги коронавирус пандемиясында ушул убакка дейре каза болгондордун санынын орто эсеп менен 2 миңге азайтып 26 миң 834 деп оңдоду. Министрлик акыркы 24 саатта каза болгондордун санын бөлүшпөй, 132 жаңы бейтап менен жуктуруп алгандардын санынын 235 миң 400гө жеткенин маалымдады. Буга кошумча Мадридде иштөө шарттарына нааразылык билдирген саламаттык сактоо кызматкерлери акция өткөрдү. Өлкөдө коронавирус жуккан 50 миңден ашуун саламаттык сактоо кызматкеринен 76сы көз жумду.



Тектеш кабарлар