ДСУ үчүн көз карандысыз териштирүү тууралуу чечим чыгарылды

ДСУнун эпидемияга карата көргөн чаралары менен эпидемияны башкаруу формасы дүйнөлүк коомдук пикирде талкууланууда.

1420090
ДСУ үчүн көз карандысыз териштирүү тууралуу чечим чыгарылды

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмуна мүчө өлкөлөр уюмдун жаңы тип коронавирус процессин кандай башкарганы тууралуу көз карандысыз бир териштирүүнүн ачылышына чечим чыгарды.

ДСУнун эпидемияга карата көргөн чаралары менен эпидемияны башкаруу формасы дүйнөлүк коомдук пикирде талкууланууда.

Швейцариянын Женева шаарында эпидемиядан улам видеоконференция жолу менен өткөрүлгөн ДСУнун жылдык жыйынында БУУга мүчө 194 өлкө, ДСУнун коронавирус эпидемиясын башкаруусу, вирустун булагы жана адамдан адамга кандай жукканы тууралуу эл аралык көз карандысыз териштирүүгө чечим чыгарды.

Жылдык жыйындын жабылышында сөз сүйлөгөн ДСУнун башкы директору Тедрос Адхамон Гебрейсус : «Жоопкерчиликтүүлүктү башкаларга караганда биз дагы көбүрөөк каалайбыз»,- деди.

Тедрос өзгөчө ДСУ катары эпидемия менен глобалдык күрөштүн координациясында «стратегиялык лидерликти» сунуш кылууну улантышарын белгиледи.

 

 

 

 

 



Тектеш кабарлар