Парижде полициянын зомбулугуна каршы митинг болуп,аны кагылышуу коштоду...

Париждин чет жакаларынан Аржантёйде полициянын зомбулугуна каршы өткөн акцияда митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

1419222
Парижде полициянын зомбулугуна каршы митинг болуп,аны  кагылышуу коштоду...

Франциянын борбор шаары Парижде полициянын бир кишинин каза болушуна себеп болгону айтымы менен митинг уюштурулду.

Париждин чет жакаларынан Аржантёйде полициянын зомбулугуна каршы өткөн акцияда митингчилер менен полициянын ортосунда кагылышуу болду.

Митингчилердин фейерверк күйгүзүп ыргытышы, бир топ таштанды кутуларын жана автобус аялдамаларын өрттөп жиберишинин себебинен полиция көздөн жаш агызуучу газ чачты. Митингде полиция тыгыз коопсуздук чараларын көрдү.

Аржантёйде кечээ түнү 18 жаштагы мотоцикл айдоочусу электр зым карагайын кагып алышынын себебинен оор жаракат алып, дарыланышы үчүн жеткирилген ооруканада көз жумган. Франциянын медиасына маалымат берген көргөн күбөлөр, жарандык полициянын айдоочунун жолун торогондуктан аны какканын айткан.

Коопсуздук директорлугунун жарыясында болсо айдоочуга кандайдыр бир кийлигишүү болбогону билдирилген.

Париждин чет жагындагы башка бир жер Вильнёв-ла-Гаренде да өткөн айда полициянын бир мотоцикл айдоочусун жаралаганы айтымы боюнча митинг уюштурулган жана зомбулук окуялары болгон.



Тектеш кабарлар