Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 317 миң 200дөн ашты.

1419623
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 317 миң 200дөн, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 830 миң 290дон ашты. Ал эми 1 миллион 871 миң 600дөн ашуун киши илдеттен айыкты.

Пандемиянын чордону АКШда Ковид-19дун себебинен  көз жумгандардын саны 90 996дан ашты. Президент Дональд Трамптын жаңы типтеги коронавируска карата түзүлгөн вакцина программасын жетектөө үчүн дайындалган Мароккодо туулган америкалык мусулман дарыгери Монсеф Слауи чоң кызыгууну тартты. Монсеф Слауи вакцина тармагында дүйнөнүн эң алдыңкы доктурларынан бир катары белгилүү.

Пандемиянын Европадагы чордонуна айланган Англияда, Ковид-19дун себебеинен каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 170ке көбөйүп 34 миң 636га, 3 миң 142 жаңы жуктурган учурдун катталышы менен жалпы жуктуруп алгандардын саны 243 миң 303кө жогорулады. Өлкөдө Ковид-19дун симтомдорунун арасына даам жана жытты жоготуу да кошулду. Англияда ушул убакка дейре тынымсыз жөтөлгөн жана денесинин табы көтөрүлгөндөндөн өздөрүн изоляция кылуу талап кылынчу.

Италияда пандемиянын себебинен каза болгондордун саны акыркы 24 саатта 145ке көбөйүп  31 908ге жетти. Өлкөдө бейтаптардын саны 68 миңге жогорулады. Өлкөдө бүгүндөн тарта ибадатканалар, чач тарачтар жана эстетика борборлору, ресторандар, барлар, кафелер, музейлер,китепканалар, социалдык дистанция жана гигиена эрежелеринин алкагында кайрадан иштөөгө даярданып жатканда, адистер жаңы пандемия толкунунан коргонуш үчүн элге эрежелерге баш ийүү чакырыгын салууда.

Францияда вирустан каза тапкандардын саны акыркы 24 саатта 483кө көбөйүп 28 108ге жетти.  Вирус аныкталган киши саны болсо 490го көбөйүп 216 миң 30га жогорулады. Өлкөдө Ковид-19 чара көрүүлөрүнүн алкагында жабылган мектептердин 11-майда ачылуусунан кийин 70 окуучуда вирус аныкталды.

Ковид-19дан ушул убакка дейре 27 650 кишиси каза болгон Испанияда солчул коалициялык өкмөттүн Ковид-19 пандемиясы менен күрөшүүдө көргөн чараларына наарзылык билдириш үчүн өткөрүлгөн акциялар жалпы өлкөгө жайылып уланууда. Бул акцияларын көчөгө чыгарган жана улутчул көз караштагы партияларды колдоочулар көпчүлүктү түзгөн топтор, Ковид-19га каршы жүргүзгөн саясатынан улам өкмөттү сынга алып «кетсин» деген ураандарды чакырышууда. Испаниянын желектерин көтөргөн топтор, өкмөт белгилеген баскычтуу нормалдашуу процессин, өзгөчө кырдаалдын уланышын жана Ковид-19дан таасирленген өлкө экономикасына тийиштүү көрүлгөн чаралар сынга алынган.

Каза болгондордун саны 8049га жеткен Германияда тышкы иштер министри Хейко Маас, жаңы типтеги коронавирустун себебинен дүйнө жүзүнө жарыялаган саякат эскертүүлөрүн 15-июндан кийин жое тургандарын, анын ордуна саякат маалыматтандыруусун жасай тургандарын жарыялады.

9080 киши каза болгон Бельгияда мектептер бүгүн баскычтуу түрдө билим берүүсүнө кайта баштады.

Кээ бир башка өлкөлөрдө жоготуулар төмөнкүчө катталган:
Бразилия 16 миң 122, Канада 5 миң 782, Нидерландия 5 миң 680, Мексика 5 миң 177, Швеция 3 миң 679, Эквадор 2 миң 736, Перу 2 миң 648, Швейцария 1881, Ирландия 1543, Португалия 1218, Чили 450.



Тектеш кабарлар