Израилде Нетаньяху-Ганц коалициясына каршы нааразылык акциясы...
Нааразылык акциясы Израиль Парламентинде коалициялык өкмөткө ишеним добушу берилишинен кийин дароо болду.
Батыш Кудстагы Премьер-министрлик имаратынын алдында чогулган бир топ активист, Израилдин премьер-министри Беньямин Нетаньяху менен Көк-Ак альянсынын лидери Бенни Ганцтын өнөктөштүгүндө куралган коалициялык өкмөтүнө нааразылык билдиришти.
Нааразылык акциясы Израиль Парламентинде коалициялык өкмөткө ишеним добушу берилишинен кийин дароо болду.
Митингчилер, коррупция боюнча айып тагылышынын себебинен Нетаньяхунун өкмөттүн башына келбеши керектигин билдиришип, Ганцтын коалицияны кабыл албоосу керектиги темасында ураан чакырышты.
Ошол эле аймакта чоулган башка бир топ да бир убакта коалиция өкмөтүнө колдоо митингин уюштурду. Эки топтун ортосунда болгон чыңалууга Израиль полициясы кийлигишти.
Митингчилерди таркаткан Израиль полициясы айрым митингчилерди кармап кетти.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газага 228 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.