Дональд Трамп күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ф  - 35  аскердик учактарынын негизги корпусунун Түркияда чыгарылып жатканын айтты.

1417909
Дональд Трамп күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди

АКШнын президенти Дональд Трамп Ф  - 35  аскердик учактарынын негизги корпусунун Түркияда чыгарылып жатканын айтты.

Дональд Трамп Fox Business каналына берген маегинде  күн тартиби тууралуу суроолорго жооп берди.

Трамп АКШнын Кытайга жана башка өлкөлөргө жеткирүү тармагында көз карандылыгынын болбошу керектигин баса белгилеп : «Бардык продукцияларыбызды АКШда өндүрүшүбүз керек».- деди.

Дональд Трамп : « Дүйнөдөгү эң мыкты аскердик учак Ф  - 35тердин негизги корпусу Түркияда чыгарылууда жана Түркиядан жиберилүүдө.  Президент  Эрдоган менен мыкты карым  - катнашыбыз бар. Эгерде болбосо эмне болот? Силерге Ф  - 35тин бөлүктөрүн бербейбиз десе эмне кылабыз?»,- деди.

АКШ башкаруусу Түркиянын Россиядан С  - 400 ракеталык коргонуу системасын алгандан кийин июль айында Түркия 2002 -  жылдан бери расмий  өнөктөшү болгон Ф  - 35 программасынан чыгарыларын билдирген. Ушуга карабастан Трапмтын Түркиянын Ф  - 35 бөлүкчөлөрүн алганын айтышы ойлондурууда.



Тектеш кабарлар