Германиянын Бремен жана Берлин аймактарында Мухаммед ысымы көп коюлду
Жалпы өлкөдө эркек балдарга эң көп тандалган ысымдар тизмесинде Мухаммед ысымы 21 - орунду алды.
Өткөн жылы Германиянын Бремен жана Берлин аймактарында эркек балдар үчүн эң көп коюлган ысым Мухаммед олду.
Жалпы өлкөдө эркек балдарга эң көп тандалган ысымдар тизмесинде Мухаммед ысымы 21 - орунду алды.
Германия үчүн Тил коому 2019 - жылы өлкөдө төрөлгөн бөбөктөргө коюлган аттар тууралуу статистика маалыматтары билдирилди.
Статистика боюнча Берлин аймагында 2019 - жылы төрөлгөн 21 622 эркек баладан 283нө Мухаммед ысымы коюлган. Бремен аймагында да өткөн жылы туулган 5 277 баладан 74түнө Мухаммед деген ысым коюлган.
Ушундайча 2019 - жылы бул эки аймакта Мухаммеддин эркек балдар үчүн эң көп коюлган ысым болгонуна көңүл бурулду.
Ошондой эле Мухаммед ысымы Гессен аймагында эң көп коюлган ысымдардын арасында 3- орунду, Саарланд аймагында 8-
орунду алды.
Жалпы Германияда эң көп тандалган ысымдардын тизмесинде Мухаммед 21, Али 73 жана Малик 76-орунду алды.
Кыз балдар үчүн эң көп тандалган ысымдар тизмесинде Лейла 56, Амира 91 – орунду алса, Элиф 94 - орунду алды.
Тизме боюнча жалпы өлкөдө 2019 - жылы кыз балдарга эң көп Ханна, эркек балдарга болсо Ноах ысымы коюлду.