Ооганстанда кол салуулар тыйыла элек

Кабулдун Коопсуздук директорулугу жана Пактия губернаторлугу басма сөзгө маалымат беришти.

1414998
Ооганстанда кол салуулар тыйыла элек

Ооганстандын борбор шаары Кабулда бомбалуу кол салуу болуп 4 киши жаракат алды.

Кабулдун Коопсуздук директорулугунун басма сөз катчысы Фердевс Фарамарз, Тахийе отурукташкан аймагында жолдун боюна жайгаштырылган 4 бомбанын жарандар аймактан өткөн убакта жардырылып  4 кишинин жаракат алганын айтты.

Пактия провинциясында да ким экени белгисиз куралдуу кишилердин мечиттен чыккан жарандардын үстүнө ок атуусунун себебинен 3 киши каза тапты.

Пактия губернаторлугунун басма сөз катчысы Абдуллах Хасрат, басма сөзгө берген маалыматында кечке жуук ким экени белгисиз куралчан кишилердин Пактиянын Дент Патан районунда меичттен чыккан жарандарга ок атканын айтты.

Хасрат кол салууда 3 жарандын каза болгонун белгиледи.

Эки кол салууну тең моюнга алган эч ким болгон жок.



Тектеш кабарлар