Орусияда Covid-19 ооруканасы өрттөндү
Өрттө бир киши каза тапты.
1414122
Орусиянын борбор шаары Москвада жаңы типтеги коронавирус (Covid-19) бейтаптары дарыланган ооруканада өрт чыгып, бир киши каза тапты.
Орусиянын ТАСС маалымат агенттигинин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жооптуу кызматкерлерин булак көрсөтүп берген кабарына караганда Москвада Covid-19 бейтаптары дарыланып жаткан 50-номердеги 6 кабаттуу оорукананын биринчи кабатында өрт чыкты.
Өрттө бир киши каза тапты.
Москванын мэри Сергей Собянин, бардык бейтап жана кызматкерлердин эвакуацияланганын жарыялады.
Алгачкы белгилөөлөргө караганда өрткө медициналык шаймандын бузулушу себеп болду.