Дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө коронавирус...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 280  миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 80 миңден ашты.

1414152
Дүйнөдөгү айрым өлкөлөрдө коронавирус...

Дүйнө жүзүндө жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 280  миңден, вирусту жуктуруп алгандардын саны 4 миллион 80 миңден ашты. Ал эми 1 миллион 425 миңден ашуун киши илдеттен айыкты.

Африка материгинде жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны 77ге көбөйүп жалпы 2151ге жетти. Африканын оорунуу текшерүү жана алдын алуу борборунун (Africa CDC) жарыясында  материкте акыркы 24 саатта жуктуруп алгандардын саны 3719 кишиге көбөйүп 57 миң 746га жеткени маалымдалды.

Каза тапкандардын саны Египетте 503, Алжирде 494, Мароккодо 186, Түштүк африкада 178, Нигерияда 117, Камерунда 108ге жогорулады.

Жуктуруп алгандардын саны эң жогору болгон өлкөлөр Түштүк Африка, Египет, Марокко, Алжир, Гана, Нигерия жана Камерун болду.

Жаңы типтеги коронавирустун (Covid-19/Ковид-19) себебинен каза тапкандардын саны Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнөн Сауд Арабияда 239га, Кувейтте 49га, Тунисте 45ке, Катарда 13кө, Оманда 17ге, Йеменде 7ге, Иракта 107ге жетти.



Тектеш кабарлар