Ливия армиясы Ватиййе базасына операция жүргүздү

Армиянын  кургактык бөлүктөрү артиллериялык атуулары менен базанын тегерегиндеги жолду ачты.

1411028
Ливия армиясы Ватиййе базасына операция жүргүздү

Ливия армиясы өлкөнүн чыгышындагы мыйзамсыз куралдуу күчтөрдүн лидери Халифе Хафтерге караштуу куралдуу кишилер басып алган Ватиййе аскердик базасын куткаруу үчүн операция баштады.

Армиянын  кургактык бөлүктөрү артиллериялык атуулары менен базанын тегерегиндеги жолду ачты. Базага жакын аймакта кагылышуулар болууда.

Акыркы мезгилдерде армиянын базасынын тегерегинде жүргүзгөн абадан операцияларынан улам ичкеридеги куралдуу кишилердин көпчүлүгүнүн качкандыгы, ушул себеп менен базанын баарын көзөмөлгө алуунун оңой болору белгиленди.

Борбор шаар Триполиге болжол менен 140 километр алыстыкта түштүк батыштагы Ватиййе аскердик базасы Хафтердин куралдуу кишилери тарабынан борбор шаарга карата абадан кол салууларда колдонулган.

Ливия армиясы 25 -  мартта баштаган Тынчтык бороону операциясында базанын бир бөлүгүн колго алган бирок андан кийин чегинүүгө мажбур болгон. Ливия өкмөтүнүн күчтөрү 13 -  апрелде базанын тегерегинде 3000 километр квадраттык аянтты куралдуу кишилерден тазалаган.

Чөлдүн ортосунда кенен жана аскердик аянт болгон Ватиййе 7 – 10  миң аскердик көлөмү менен да стратегиялык мааниге ээ.

 



Тектеш кабарлар