Коронавирус дүйнөгө жайылууну улантууда

Нью – Йоркто мектептердин бул семестрдин акырына чейин жабык болору билдирилди.

1409154
Коронавирус дүйнөгө жайылууну улантууда

Жалпы дүйнөдө жаңы тип коронавирустан каза тапкандардын саны 239 000ди, вирус жугузган киши саны 3 миллион 401 000ди ашты. Айыккандардын саны болсо 1 миллион 83 000.

Эпидемиянын борбору болгон АКШда 18 000ден ашуун киши каза болгон аймагы Нью – Йоркто  мектептердин бул семестрдин акырына чейин жабык болору билдирилди.

Италияда вирустан каза болгондор акыркы 24 саатта 269 кишиге көбөйүп жалпы 28 236га жогорулады.

Испанияда коронвирустан каза тапкандардын саны 25 100гө жетти. 

Францияда вирустан каза болгондор 24 сааттын ичинде  218 кишиге көбөйүп 24 594кө, вирус жугузгандардын саны 883 кишиге көбөйүп жалпы 200 миң 137ге жетти.

Британияда  Ковид  - 19дан каза болгондордун саны 27 510го, вирус жугузгандардын саны да 177 454кө жетти.

Нидерландияда 4 893 киши каза болуп алардын ичинен 68 киши түрк жараны болгон. Вирус жугузгандардын саны болсо 39 791ге жетти.

Канадада акыркы 2 күндө каза болгондордун саны 408 кишиге көбөйүп 3 462ге, вирус жугузган киши саны 3 830 кишиге көбөйүп 55 061 болду. 

Түштүк Африка өлкөсү Бразилияда жаңы тип коронавирустан  24 сааттын ичинде каза болгондордун саны 6 329га жетип, вирус жугузган киши саны 91 589га жогорулады.



Тектеш кабарлар