Кытай менен Индия анализ чыгаруучу тест комплектиси боюнча каяша айтышууда

Кытайдын Жаңы Делидеги Элчилигинин жарыясында «Индиянын Медициналык изилдөө кеңешинин чыгарган чечими жана баа берүү жыйынтыктарына терең санааркап жатабыз»,делди.

1406937
Кытай менен Индия анализ чыгаруучу тест комплектиси боюнча каяша айтышууда

Индиянын жаңы типтеги коронавирус (Ковид-19) оорукчандарын аныкташ үчүн буюртмасын берген ылдам анализ чыгаруучу тест комплектилерин «каталуу» болгону себеби менен жоюп таштоосуна Кытай «санааркаганын» бидирди.

Кытайдын Жаңы Делидеги Элчилигинин жарыясында «Индиянын Медициналык изилдөө кеңешинин чыгарган чечими жана баа берүү жыйынтыктарына терең санааркап жатабыз»,делди.

Пекин бийлигинин Индияны Ковид-19 менен күрөшүүсүндө колдогону жана жардам бериш үчүн так кадамдарды таштаганы белгиленген жарыяда, Кытайдан импорттолгон медициналык каражаттарда сапатка алдыңкы орун берилгенине шилтеме кылынды.

«Айрым кишилердин Кытай товарларын «каталуу» деп этикеткалашы жана жаман ой менен кароосу жоопкерчиликсиздик жана адилетсиздик болуп саналат»,-деп айтылган жарыяда Индиянын Кытайдын жакшы ниет жана чын ниетине урмат сый көрсөтүшү, тийиштүү Кытай фирмалары менен кечикпестен байланышын күчтөндүрүүсү, теманы ылайыктуу түрдө чечүүсү күтүлгөнүн баса белгиледи.

Индиянын Саламаттык сактоо министрлиги медициналык изилдөө кеңешинин талабы боюнча Кытайдан алынган ылдам анализ чыгаруучу антикордук тест комплектилеринин буюртмаларын «ийгилик маселесинин» себебинен жойгондорун жарыялаган.

Индияда ушул убакка дейре Ковид-19дун себебинен 969 киши каза болду, вирус өлкөдөгү 29 миң 451 кишиге жукту.



Тектеш кабарлар