Канадада үй - бүлө ичинде күч колдонуу күч алды
Канаданын аял жана жыныстык тең укуктуулук министри Марьям Монсеф үй - бүлө ичи күч колдонуу катнашында 20 - 30 пайыздык өсүү болгондугун белгиледи.
1406735
Канаданын аял жана жыныстык тең укуктуулук министри Марьям Монсеф жаңы тип коронавирус кризисинин үй - бүлө ичинде күч колдонууну күчөткөндүгүн айтты.
Монсеф өлкөнүн кээ бир аймактарында үй - бүлө ичи күч колдонуу катнашында 20 - 30 пайыздык өсүү болгондугун белгиледи.
Министр Монсеф Торонтонун түндүгүндөгү Йорк аймак полициясынын үйдө болуу чаралары ишке кирген 17 - марттан бери үй - бүлө ичи күч колдонуу катнаштарында 22 пайыздык өсүү болгондугун билдиришин мисал катары көрсөттү.
Монсеф бир топ окуянын полиция каттоолоруна кирбегендигин айтты.